Кыргызстан менен Палестина кызматташтыкты бекемдейт

Саясат 20 Апрель 2026 14:45
677846542_1380196764143830_5475667055665921213_n.jpg
677869353_1380196810810492_8399692894929408098_n.jpg
Алдыга
Артка
677846542_1380196764143830_5475667055665921213_n.jpg
677869353_1380196810810492_8399692894929408098_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Уайлл Ахмед Батрехинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага кыргыз-палестина мамилелерин өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Кыргызстан Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин айтты.

Тараптар эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын күн тартибин, атап айтканда, ар кандай тармактардагы кол коюлган документтерди ишке ашырууну талкуулашты.

Өз кезегинде элчи өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшай турганына ишендирди.