Кыргызстан менен Оман Султанатынын тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Саясат Загрузка... 12 Февраль 2025 20:08
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатына расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Саид Аль-Бусаиди менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

ТИМден билдииршкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономика, инвестиция жана туризм тармактарында кыргыз-оман мамилелерин тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев эки өлкө ортосунда ишке ашпаган чоң потенциал бар экенин белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды жандантууну, өкмөттөр аралык биргелешкен комиссияны жана кыргыз-оман ишкер кеңешин түзүүнү сунуштады. Ушул өңүттө ал оман тарапты 2025-жылдын июнь айынын аягында – июль айынын башында Кыргызстанда өтө турган Борбор Азия мамлекеттери менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Саид Аль-Бусаиди Оман Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана жеке сектору ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү демилгесин колдоду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын жетекчилигинин Оман Султаны Хайсам бин Тарек Аль Саидге жолдогон катын тапшырып, Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуудагы талапкерлигинде Омандын колдоосуна үмүт артарын билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Оман да Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө экенин белгилеп, Оман султанатын 2027-жылы өтө турган Глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышат деген үмүтүн билдирди. Омандын тышкы иштер министри бул демилгени колдоп, иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын жана Оман Султанатынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар жөнүндө меморандумга кол коюп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашты.