Кыргызстан менен Оман инвестиция, соода, логистика жана туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Саясат Загрузка... 12 Февраль 2025 14:25
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын каржы министри - Инвестициялык кеңешинин төрагасы Султан Аль-Хабси менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Кулубаевдин Оманга болгон расмий сапардын алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда министр Кулубаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртуу тууралуу маалымат берип, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда толук ачыла элек чоң кызматташтык потенциалы бар экенин белгиледи. Ушул багытта ал оман тарапка биргелешкен инвестициялык компания түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, маектешин инвестициялык делегация менен Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Мындан тышкары, быйыл июндун аягында июлдун башында Кыргызстанда өтө турган Борбор Азия өлкөлөрү менен Араб булуңу кызматташтык мамлекеттеринин ортосундагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Оман Султанатынын каржы министри Султан Аль-Хабси чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүгү бар деген пикирге кошулду. Ушул өңүттө ал Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке секторунун өкүлдөрү менен байланышты күчөтүү боюнча сунушту колдоду.

Мындан тышкары, Султан Аль-Хабси жакын арада Кыргызстанга инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана туристтик потенциалды изилдөө максатында, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан ар кандай тармактардагы долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ жиберүү ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Омандын ортосунда инвестиция, соода, логистика жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашты.