Кыргызстан менен Кытайдын курулуш тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Экономика 932 07 Февраль 2025 10:40
IMG_8871.original.jpg
IMG_8872.original.jpg
IMG_8873.original.jpg
Алдыга
Артка
IMG_8871.original.jpg
IMG_8872.original.jpg
IMG_8873.original.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл чарба курулуш министри Ни Хун менен жолугушту.

Мамкурулуштан билдиришкендей, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 5-февралында курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты улантуу маселелерин талкуулашты.