Кыргызстан менен Корея биргелешкен медициналык борбор түзүшү мүмкүн

Ден соолук 16 сентябрь 2026 17:20
Кыргызстан менен Корея биргелешкен медициналык борбор түзүшү мүмкүн
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз саясий диалог сакталып келе жатканына токтолду.