Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Женишбек Асанкулов Казакстанстандын Жетысу облусунун акими Бейбит Исабаев менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкенде, маектин жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кеңири маселелерди талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча пикир алмашты.
Башкы консул Асанкулов өз сапарынын негизги максатын белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар сунуштарды киргизди. Алсак, кыргызстандык ишкерлердин айыл чарба көргөзмөлөрүнө жана бизнес-форумдарга катышуусу, биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүү, ошондой эле маданият жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча демилгелер көтөрүлдү.
Мындан тышкары, аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында, Кыргызстандын Нарын облусу менен Казакстандын Жетысу облусунун ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.