Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу жана авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Агенттиктин директору Данияр Бостонов 15-октябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.
Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын тармагын кеңейтүү, жаңы багыттарды ачуу жана Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы менен кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты.
Ошондой эле транспорттук байланышты өнүктүрүү жана аба ташууларды көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жарандык авиация тармагындагы диалогду улантууга жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.