Кыргызстан менен Казакстандын театр чөйрөсүндө кызматташтыгы кеңейүүдө

Маданият 08 Апрель 2025 09:10
4c4405fe-aee9-4e2f-941e-3ba4f177124d.jpg
488884807_969021288722961_1587062926825979938_n.jpg
488964655_969021295389627_568631695735137652_n.jpg
489299669_969021345389622_8728287536168154880_n.jpg
489456553_969021118722978_7309135355057108827_n.jpg
490020744_969021292056294_941905688189432371_n.jpg
490020888_969020962056327_624829104014130902_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагынбаев

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын театр чөйрөсүндө кызматташтыгы кеңейүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында театр ишмердүүлүгүн жана маданият менен чыгармачылык жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору У.М. Маратов Казакстандын бир катар театрлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Анын ичинде Астана акимчилигинин “Жастар театры” мамлекеттик мекемесинин, Сакен Сейфуллин атындагы Караганды облустук академиялык казак драма театрынын, Алматы шаарынын Маданият башкармалыгынын Мамлекеттик куурчак театры мекемеси бар.

Бул меморандумдар эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө, чыгармачыл жамааттардын тажрыйба алмашуусуна, эл аралык театралдык фестивалдарды өткөрүүгө ошондой эле театр искусствосун өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, кызматташтыктын алкагында гастролдорду уюштуруу, мастер-класстарды өткөрүү, чыгармачылык алаканы бекемдөө жана кадрларды даярдоодо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Мындай меморандумдар Кыргызстандын театр искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түзүп, жаштардын чыгармачылыгын колдоого жана улуттук маданиятты жайылтууга өбөлгө түзөт.