Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Улуттук жарандык авиация агенттигинин Экономикалык пландаштыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле Эл аралык кызматташтык, коопсуздук жана изилдөө департаменттердин башкы директорлору Клаудио Эминенте жана Джованни Ласкена менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү өлкө жетекчилиги тарабынан артыкчылыктуу милдет катары аныкталганын белгиледи.
Ошону менен бирге маектешүүчүлөргө жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик колдоо чаралары, анын ичинде авиапаркты жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча кеңири маалымат берилди.
Кыргызстандын авиакомпанияларын Европа биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу максатында, кыргыз тараптын авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ошону менен бирге жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Таалай Базарбаев авиа каттамдар боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Клаудио Эминенте кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана аба каттамдары боюнча эки тараптуу келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.
Тараптар кызматташтыктын талкууланган перспективаларын биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.