Кыргызстан менен Эстония саясий диалогду күчөтөт

Саясат 24 сентябрь 2026 14:25
Кыргызстан менен Эстония саясий диалогду күчөтөт
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУ Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүү, анын ичинде алдыда өтө турган кыргыз-эстон тышкы иштер министрликтер аралык консультациялары жана БУУ алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкнаны Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.