Кыргызстан менен Беларустун мал чарбасын санариптештирүү жаатында кызматташтыгы талкууланды

Маданият Загрузка... 08 Февраль 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-02-07 at 15.11.40.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин “Мал чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Юлия Ванюхина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

КР ТИМден билдиришкендей, анда Кыргызстан менен Беларустун мал чарбасын санариптештирүү тармагындагы кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Элчи Эрбол Султанбаев аталган маселенин эки тарап үчүн тең актуалдуулугун, Беларуста санариптик мал чарбачылыгын уюштуруу боюнча жетиштүү компетенциялардын бар экендигин эске алуу менен тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу жана адистердин иш сапарларын уюштуруу аркылуу өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар аталган маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

“Мал чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” мамлекеттик мекемеси малдарды жана мал чарба продукцияларын идентификациялоону, каттоону, көзөмөлдөөнү уюштуруу менен алектенет. Бүгүнкү күндө Беларуста санариптик технологияларды киргизүү менен жаныбарлардын дээрлик бардык түрлөрү идентификацияланууда.