Кыргызстанга алтындын кымбатташы эмне үчүн маанилүү?

Пикир Загрузка... 16 Апрель 2025 11:50
2021_03_14_25bf35f8ecd0d02b83ceef2b391.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.04.2025 /Кабар/. Эл аралык базарда алтындын унциясынын баасы 3,273 долларга чейин көтөрүлдү — аналитиктердин ою боюнча, бул чек эмес. Кээ бирөө $ 4,000 чейин өсүшү мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул тууралуу эксперт Тимур Саралиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Саралаев белгилегендей, аналитиктердин божомолунда бул убакыттын эле маселеси.

"Жакынкы айларга баалар боюнча божомолдор жогорулай берет. Баанын кескин жогорулашынын бир нече себептери бар: геосаясий туруксуздуктун фонунда доллардын алсырашы, криптовалютанын баасынын түшүшү (ага ишеним азайышы). Булардын фонунда алтын кайрадан ишенимдүү активге айланууда", - деди ал.

Тимур Саралаев кошумчалагандай, эгерде Кыргызстанда өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын деңгээлинде болсо (болжол менен 26 тонна алтын) жана учурдагы баалар дагы сакталса, анда жалпы киреше 2,5 млрд доллар болушу мүмкүн.

"Биздин экономика үчүн бул жөн гана жакшы сандар эмес (салык, чегерүү жана башка). Бул төлөм балансын бекемдөө жана тышкы тобокелдиктер фонунда кошумча туруктуулук берет. Анткени, алтындын кымбатташы инвесторлордун кызыгуусун гана эмес, айрыкча глобалдык оош-кыйыш мезгилде өлкөнүн экономикалык туруктуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт", - дейт ал.