Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстан АКШнын Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн курамын эки эсе көбөйтүп, кошумча адистер тобун жөнөтүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги ишине сапаттуу даярдык көрүү үчүн зарыл.
Министрдин маалыматына ылайык, учурда туруктуу өкүлчүлүктө 9 дипломат иш алып барууда жана жакынкы убакытта алардын саны 18ге чейин көбөйөт. Мындан тышкары, команданы күчөтүү максатында Нью-Йоркко дагы 10 кызматкер жөнөтүлөт.
Жаңы милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн кыргызстандык дипломаттардан турган топ жакын арада АКШга атайын окутууга жөнөп кетет. Бул окутуу программасы БУУнун Коопсуздук кеңешине жаңы мүчө болгон өлкөлөр үчүн уюштурулат. Анын алкагында дипломаттар комитеттердин иштөө тартиби жана эл аралык күн тартиптеги негизги маселелер боюнча маалымат алышат.

“Учурда биздин дипломаттар документтерди кылдат изилдеп, материалдарды терең талдап жатышат. Биз ар бир маселени түпкүрүнөн жакшы түшүнүшүбүз керек. Мисалы, көйгөйдүн маңызы эмнеде жана конфликтердин себептери кандай. Маселелерди терең изилдеп чыккандан кийин гана өлкө кайсы бир демилгелерди колдоо же колдобоо боюнча өз позициясын калыптандырат”, — деп түшүндүрдү Жээнбек Кулубаев.
Мындай кылдат даярдык 2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү болгон 5 туруктуу жана 10 туруктуу эмес өлкө менен толук кандуу иш алып баруусунун башталышы менен байланыштуу. Ошол эле учурда азыртан эле Кыргызстанга эл аралык чөйрөдө кызыгуу жогору болууда.
“Биз Азия жана Африка өлкөлөрү менен көп тараптуу кеңешүүлөрдүн көбөйүшүн күтүүдөбүз. Алардын өкүлдөрү өздөрүнүн аймактык көйгөйлөрүн БУУнун аянтчасына чыгаруу максатында бизге кайрылып жатышат. Бул Кыргызстан үчүн пайдалуу тажрыйба, анткени бул мамлекеттер Коопсуздук кеңешиндеги жаңы мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишенишет. Шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда биз алардын кызыкчылыктарын жогорку эл аралык деңгээлде көтөрүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз, азыр ошол убадаларды аткарып жатабыз”, — деди министр.