Кыргызстан БУУда аймактын кызыкчылыгын илгерилетет - Садыр Жапаров

Президент Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 15:35
759596141_1541035107819402_3836878301132872474_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып барууда аймактын жалпы кызыкчылыктарын активдүү илгерилетүүгө умтулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Ташкентте кабыл алынган биргелешкен кайрылууну регионалдык тилектештиктин айкын далили деп атады.