«Кыргызфармация» дары-дармекке болгон муктаждыкты толук камсыздай албай жатат – Нурланбек Тургунбек уулу

Жогорку Кеңеш Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Нурланбек Тургунбек уулу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы Кыргызстанды толук дары-дармек менен камсыздай албай жатканын билдирди.

Парламенттен билдиришкендей, Нурланбек Тургунбек уулу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө көңүл буруу менен, төмөнкү маселелерге токтолду.

“Өлкөбүздө дары-дармек маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Өкмөт жакшы ой, жакшы ниет менен калкты жетиштүү деңгээлде жана арзан баада дары каражаттары менен камсыздоо максатында “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Азыркы учурда аталган ишкана өз ишин толук кандуу жүргүзүүдө. Бирок жарандардын керектөөсүн жеткиликтүү камсыздай албай, бир топ кыйынчылыктарга тушугууда. Натыйжада эң зарыл, эң керектүү делген дары-дармектердин баасы кескин өсүп, эл арасында тынчсыздануу өтө чоң. Андыктан аткаруу бийлиги аталган маселени эске алып, дары каражаттары менен камсыздоодо башка ишканаларга да мүмкүнчүлүк бериши керек”, – деди төрага.

Ошондой эле дары каражаттарына карата кошумча нарк салыгы алынып салынганына карабай, дары-дармектердин баасы өсүп кеткенин белгилеген.

“Атаандаштык менен гана абалды жөнгө салууга болот. Ошондуктан, дары-дармектерди ташыган башка фармацевтикалык компанияларга да уруксат беришибиз керектигин турмуш өзү көрсөттү. Себеби, дары каражаттарынын кымбаттап кеткендигине жана жетишсиз болуп жаткандыгына байланышуу кайрылуулар абдан көп келүүдө”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.