Кыргыздын бийик даражалуу тарыхый инсандарынын сап башында Алымбек Датка турат – Молдокасымов

Коом Загрузка... 09 Сентябрь 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

XIX кылымда кыргыздан чыккан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датка Асан бий уулунун 225 жылдык маарекеси мамлекеттик деңгээлде Алай жергесинде белгиленгени турат. Алымбек Датканын саясий ишмер, аскер башчы жана дипломат катары тарыхый ролу учурга чейин кандай баалангандыгы тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде тарыхчылар ой бөлүштү. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов XIX кылымдан тартып Алымбек Датка бекеринен саясий аренага келип калган эмес деп эсептейт. Анткени, ал өзү, атасы, чоң атасы, бабасы бардыгы мамлекеттик ишмер болуп, кыргыздын кызыкчылыгына, ар намысына бекем турган мыкты инсандардан болгон.

“Кытайдан табылган манжур тилиндеги архивдик документтерде Алымбек Датканын бабасы 1760-жылы кыргыздын түндүк жагындагы уруу башчыларына кайрылып, бирдиктүү бир мамлекет куруу демилгеси менен чыккан. Алымбек Датканын чет өлкөлүктөрдү кызыктырганы, Кокон хандыгында таасирдүү инсан болгондугунун дагы бир жагы бул геосаясий кырдаалга байланыштуу болгон. Азыркы Ош, Өзгөн аймагы, жалпы эле Алай, Чоң-Алай ошол мезгилдеги Улуу Жибек жолу өткөн өзгөчө стратегиялык багыттагы жер болгон. Ошондуктан бул жерде жашаган Алымбек Датканын гана эмес, анын бабалары, аталары да дайыма ошол жерди көзөмөлдөп, ошол жердеги маселенин тынчтыкта чечилишин камсыздап, керек болсо андагы соодагерлерге чейин камкор мамиле кылышкан. Алымбек Датканын геосаясий кырдаалдагы абалы Кокон хандыгындагы, кийин Орус империясындагы, ал гана эмес Кашкар, алыскы Англияга чейин бүт кызыктырып жаткандыгы Кыргызстандын өзгөчө геосаясий кырдаалы.

Бүгүнкү күндө деле Кыргызстандын Улуу Жибек жолунун аймагында жайгашкандыгы өтө стратегиялык мааниге ээ экенин көрүп турабыз. Бул элибиз, мамлекет үчүн өтө чоң байлык. Мына ошолордун бардыгын Алымбек Датка өз учурунда түшкөн каражатты туура колдонуп, Ошту, Алай, Өзгөн жергесин өнүктүрүүгө, кооз имараттарды курууга жумшап элдин кызыкчылыгын көздөгөн”,- деди Молдокасымов.

Тарыхчынын пикиринде Кокон хандыгы Жети шаардан баштап, тиги жагы Арал деңизине чейин созулган Борбордук Азиядагы эң чоң мамлекет түптөгөнгө, өнүктүргөнгө жана сактап калып кайрадан калыбына келтиргенге мына ушул Алымбек Даткага окшогон инсандар негизги ролду ойногон.

“Алымбек Датканын мааракесин эчак белгилениш керек болчу, бийик даражалуу тарыхый инсандар кыргыздын тарыхында манжа менен гана саналат. Ошонун эң алдыңкы саптарында Алымбек Датка турат. Кечигип болсо да Алымбек Датканын 225 жылдыгын өткөрүп жатабыз. Мааракени жогорку деңгээлде чоң даярдык менен өткөрүшүбүз керек болчу. Бирок, Алымбек Датканын ордун маараке өткөндөн кийин белгилеп, даражасын арттырышыбыз керек”,- деди тарыхчы.

Ал эми тарых илимдеринин доктору Турсунай Өмүрзакованын айтымында, Алымбек Датка XIX кылымдагы белгилүү саясатчы, Кокон хандыгындагы мамлекеттик ишмер жана кыргыз элине кадыр-барктуу инсан катары анын өмүр баяны, басып өткөн жолу урпактары, илимпоздор тарабынан көз жаздымда калган эмес.

“Алымбек Датка жөнүндө изилдөөлөр XIX кылымда эле башталган. Советтик мезгилдеги изилдөөлөргө токтолсок, эң алгачкылардан болуп окумуштуу Кушбек Усенбаев, академик Бегимаалы Жамгырчинов токтолгон. Ошондой эле академик Владимир Плоских “Киргизы и Кокандское ханство” аталган эмгегинде Алымбек Датканын саясий бейнесине терең изилдөө жүргүзгөн. Ал эми өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Ташманбет Кененсариев, Кыяс Молдокасымов, Жээнбек Алымбаев сыяктуу бир топ окумуштуулар бул теманы изилдеп, Алымбек Датканын ишмердигине токтолушкан.

Алымбек Датканын туулгандыгы тууралуу маалымат биринчи анын урпактары болгон Инаят Кадырбеков агабыздан алганган. Ал кишинин айтымында, Алымбек Датка 1862-жылы пайгамбар жашында каза болгон деп айтылат. Пайгамбар жашы деп 63 жаш аталгандыктан, биз аны 1799-жылы туулган деген жыйынтыкка келгенбиз. Албетте, мындан 200, 300 жыл мурдагы инсандардын туулган күнүн так айтуу кыйын болгондуктан, болжолдуу айтылат. Бирок, Алымбек Датканын туулгандыгы жана каза болгондугу тууралуу маалыматтарды биз так деп эсептейбиз. Анткени, ал жөнүндө архивдик маалыматтарда да сакталып калган. Кокон хандыгына 1827-жылдан 1862-жылы каза болгонго чейинки аралыкта алгач Андижандын акими катары андан кийин өмүрүнүн акырында Кокон ханынын вазири, азыркы менен айтканда премьер-министри даражасына жеткен”,- деди Өмүрзакова.

Негизинен Алымбек Датканын саясий, мамлекеттик ишмердигин Кокон хандыгынын контексинде изилденгендигин тарыхчылар белгилейт. Кокон хандыгын изилдегенде Алымбек Датка жөнүндө тарыхый маалыматтар келип чыгып, ал XIX кылымда эле Кокон хандыгында өтө чоң саясий фигура, таасирдүү инсан катары белгилүү болгондугу аныкталган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Алымбек датканын мааракеси жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.