Өзбекстандык компания Кыргызстанда муздаткыч жабдууларын чыгарган завод ачууну пландоодо

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2025 15:43
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Ташкенттеги ритейл жана HoReCa үчүн муздаткыч витриналардын эң алдыңкы өндүрүүчүсү болгон «AZN» заводуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө Соода өкүлчүлүк продукциянын ассортименти, ошондой эле ишкананын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Белгилей кетсек «AZN» заводу ири супермаркеттер үчүн муздаткыч витриналарды жана жабдууларды гана чыгарбастан, Өзбекстандагы чет элдик ресторан франшизалары үчүн витриналардын жалгыз өндүрүүчүсү болуп саналат.

Соода өкүлчүлүктүн эксперти Бакай Акбаралиев биргелешкен ишкананы түзүү Кыргызстанда муздаткыч жабдууларын өндүрүүнү өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана ритейл менен HoReCa секторуна заманбап технологияларды киргизүү үчүн маанилүү кадам болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Заводдун жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишкана ачууну келечектүү деп эсептейт.