Кыргыз театр өкүлдөрү эл аралык фестивалга катышууда

Маданият 09 Апрель 2026 09:00
668792293_1247794834178937_4989390863323576625_n (1).jpg
663328720_1247794847512269_8866905398787070453_n.jpg
Алдыга
Артка
668792293_1247794834178937_4989390863323576625_n (1).jpg
663328720_1247794847512269_8866905398787070453_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында XXVIII орус театрларынын “Россиядагы жолугушуулар” аттуу эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалда “Чет өлкөдөгү орус театры орус маданиятынын институту катары” аттуу эл аралык конференция уюштурулуп, ага Кыргызстандын театр өкүлдөрү активдүү катышууда.

Иш-чарада Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры “Эл аралык Кирилл Лавров сыйлыгы” менен сыйланды.

Ошондой эле Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев жана К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору Таалайбек Тургунов Чет өлкөлөрдөгү орус театрларынын ишмерлеринин ассоциациясынын жаңы мүчөлөрү болуп кабыл алынды.