Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жыйыны. Маанилүү келишимдер бекиди

Министрлер кабинети 21 Февраль 2025 22:10
67b8850b58396-thumb.jpg
67b8851618fd0-thumb.jpg
67b88515479b0-thumb.jpg
67b8851122216-thumb.jpg
67b8853478234-thumb.jpg
67b8852a36605-thumb.jpg
67b885259b00f-thumb.jpg
67b88521b6861-thumb.jpg
67b885205612a-thumb.jpg
67b8851f7d9f3-thumb.jpg
67b8851e8cd7d-thumb.jpg
67b8851d1c26c-thumb.jpg
67b885190f05d-thumb.jpg
67b885186e514-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67b8850b58396-thumb.jpg
67b8851618fd0-thumb.jpg
67b88515479b0-thumb.jpg
67b8851122216-thumb.jpg
67b8853478234-thumb.jpg
67b8852a36605-thumb.jpg
67b885259b00f-thumb.jpg
67b88521b6861-thumb.jpg
67b885205612a-thumb.jpg
67b8851f7d9f3-thumb.jpg
67b8851e8cd7d-thumb.jpg
67b8851d1c26c-thumb.jpg
67b885190f05d-thumb.jpg
67b885186e514-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өттү.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жетекчилеринин жана Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жетекчилеринин маалыматтарын угушту жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишти. 

Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитти:

- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;

- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Тараптар ошондой эле тиешелүү эки тараптуу эл аралык келишимдерди мамлекет ичинде макулдашуу жол-жобосун баштоого тапшырма беришти.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.