Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнө 100 жыл болду.
Тарых беттерин барактасак, 1926-жылдын 1-февралында СССР Бүткүл союздук борбордук Аткаруу комитетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргыз автономдук облусу Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы деп өзгөртүлгөн. Кыргыз АССРинин түзүлүшүнө 1925-жылдын ноябрь айында өткөн Кыргыз Автономиялык Облусунун III сессиясында Автономиялык Союздук Республиканы уюштуруу чечими негиз боло алды.
Республиканын борбору болгон Пишпек шаары 1926-жылдын 12-майында Фрунзе деп өзгөртүлгөн.
Он жылдан кийин, тагыраагы 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп жаңы макамга көтөрүлгөн.
Ал эми 1990-жылдын 15-декабрында ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларацияны” бекиткен. Тарыхый документ 8 айдан кийин, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстанды жаңы көз карандысыз мамлекет катары жарыялоого мыйзамдык негиз түздү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан - дүйнөлүк картада өз орду бар, ондогон өлкөлөр менен дипломатиялык алаканы түзгөн, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан кызматташтыгын бекемдеген көз карандысыз республика.
Өлкө экономикасы туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүүнү улантууда. Учурда ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда жогорку көрсөткүчкө ээ болууда. 2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) 11%дан ашты.