35 жыл мурда кабыл алынган декларация Кыргызстандын пайдубалын түптөдү

Саясат Загрузка... 15 Декабрь 2025 16:35
parlament_2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Мындан туура 35 жыл мурун 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө” декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген.

2_1__kyrgyz_respublikasynyn_mamlekettik_suverend_l_g_zh_n_nd_dekl-1

1991-жылдын 31-августунда дал ушул маанилүү документтин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Баш мыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Советтин кезексиз сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” жөнүндө токтом кабыл алынган.

4_1__kyrgyz_respublikasynyn_k_z_karandysyzdygy_zh_n_nd_toktom_n_578-xii-1

1985-жылы башталган кайра куруу саясаты ар бир улуттун аң-сезиминин ойгонушуна өтө чоң бир өбөлгө болду. Бул тууралуу тарыхчы, журналист, публицист Кыяс Молдокасымов “Кабар” агенттигине билдирди.

Кыяс Молдокасымов белгилегендей, Кыргызстанда дагы кайра куруу жылдарында эркиндик, азаттык үчүн, өз жерине өзү ээлик кылышы үчүн аракеттер башталган. 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алган. Бул мамлекеттин тарыхында көз карандысыздыгына жасалган эң чоң кадам деп эсептелип калды.

Кыяс

“Бул декларациянын мааниси өтө жогору. Биз ал убакта СССРдин курамында болчубуз, бирок ошол эле убакта тышкы, ички саясатыбызды мындан ары эми өзүбүз чечкенге киришели деген чоң бир кадамдар болду. Толук кандуу биз эгемендүү мамлекет аталуу үчүн мамлекеттүүлүгүбүзгө ээ боло элек мезгилдеги чечкиндүү чечимдердин бири экени талашсыз. Андан кийин 1991-жылы Кыргызстан алгачкылардан болуп, өзүнүн эгемендүү мамлекет катары декларациясын кабыл алды. Эгемендүү мамлекетибизди кура алдык. Эгемендүүлүктүн 34 жылында ар кандай оош-кыйыштар болду. Бирок, ошентсе да биз мамлекеттик атрибуттарды – анын ичинде мисалы, туу, валютабызды кабыл алып, эгемендүүлүккө карай умтулуубуз, өнүгүүбүз болуп келди. Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет катары Борбор Азиядагы эң байыркы калк. Биздин өлкө ар дайым эркин мамлекет болууга арышын кенен таштап, көз карандысыздыгын өнүктүрүп келди”, - деди тарыхчы.

Саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагуловдун пикиринде, 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган суверенитет жөнүндө декларация Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүнүн негизги пайдубалын түптөдү.

WhatsApp_Image_2025-09-30_at_19.45.37.width-800

“Декларация Кыргызстандын аймагында анын мыйзамдарынын жана чечимдеринин артыкчылыгын белгиледи. Бул өз алдынча укуктук системаны калыптандыруунун, бийлик бутактарын бөлүштүрүү принциптеринин жана мамлекеттик институттардын коом алдындагы жоопкерчилигин көрсөттү. Бул документ өзүнүн бийлик жана башкаруу органдарын, экономикалык жана финансылык механизмдерди, кадрдык саясатты түзүү процессин баштап берди. Дал ушул негиз СССР ыдырагандан кийин мамлекеттик башкаруунун үзгүлтүксүздүгүн камсыздап, бийликтин ишин улантып кетүүсүнө мүмкүндүк түздү. Ошол эле маалда декларация мамлекет өзүнүн экономикалык саясатын жана бюджетин түзүү укугун камсыздады. Ошондой эле өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү жана эл аралык мамилелерди түзүү укугуна жетиштик. Кыргызстан көп векторлуу дипломатияны жүргүзүүгө жана улуттук кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзүлдү", - дейт саясат таануучу.

Эске салсак, 2021-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышкан эле.

473104456_1123604089774224_2902407392834891259_n

Анда мамлекет башчысы 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин суверендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы Кыргызстан эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонун белгилеген.

"Декларациянын 1-беренесинде Кыргыз Республикасы - Кыргыз улутунун өз тагдырын өзү чечүүсүнүн, республиканын бардык элдеринин коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү эркин тандап алуусунун айрып алгыс укугун жүзөгө ашыруунун негизинде бекемделген жана өнүгүп жаткан республиканын бардык улуттагы граждандарынын таламдарын билдирген жана коргогон суверендүү мамлекет", - деп жазылгандай эле Кыргызстан өзүн өз алдынча мамлекет катары таанытып, эл аралык аренада өз кычыкчылыктарын коргоого жол салды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кайсы гана тармак болбосун ири долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары ондогон мамлекеттер менен жылдан-жылга чыңдалууда. 35 жыл мурда кабыл алынган декларациянын өлкөнүн азыркы бакубат жашоосун камсыздоодогу баалуулугу тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып калды.