Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Чүй облусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан ордосуна жалпы 15 боз үй тигүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Римма Итигулова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, облустун ордосундагы боз үйлөрдүн ички жасалгалары улуттук буюмдар, кол өнөрчүлүккө таандык уникалдуу эмгектер жана салттуу көркөм өнөрдүн үлгүлөрү менен толукталат.
“Алар кыргыз элинин бай тарыхын, улуттук маданиятын, руханий мурасын жана каада-салтын кеңири чагылдырган таризде жасалгаланат.
Ошондой эле Чүй облусу республикалык кароо-сынактардын бардык түрүнө активдүү катышып, ар бир багыт боюнча кыргыз элинин улуттук каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн, маданий мурасын жана чыгармачылык өнөрүн татыктуу деңгээлде көрсөтүүгө даярдык көрүүдө”,-деп белгиледи бөлүм башчы.
Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда өзүнчө аймакта Кыргызстандын 7 облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат.
Белгиленген тартипке ылайык, ар бир облус жана шаар 15тен боз үй тигет.