Ак-Буурага түшүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 16 май 2025 14:00
Ак-Буурага түшүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 2013-жылы туулган Ж.У. аттуу жаш бала суу түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бүгүн экинчи күнкү издөө иштеринин натыйжасында 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 12:55те ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.