Ак-Буура дарыясынын жээги мрамор таштары менен кооздолууда

Аймак Загрузка... 10 Апрель 2026 11:50

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда дарыянын жээги иретке келтирилип, мрамор таштары менен кооздолууда.

Буга чейин дарыянын жээгиндеги таштандылар толугу менен чыгарылып, суунун агымынын тоскоолдуктары жоюлган.

Муну менен Ак-Буура дарыясы шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу аймагына айланууда.