Кулубаев филиппиндик кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 24 сентябрь 2026 16:40
Кулубаев филиппиндик кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Филиппиндин тышкы иштер министри Мария Тереза Лазаро менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына краганда, жолугушуу 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, саясий диалогду мындан ары активдештирүүнүн жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды сактоонун жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.