Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы көп жылдан бери курулушу токтоп турган "Кудайберген" турак жай комплексинде курулуш-монтаждоо иштери кайра жанданып, учурда 220дан ашык жумушчу эмгектенүүдө.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы 34 блоктон турган 10 үйдүн айрымдарында кабаттарды тургузуу, пайдубал куруу жана даярдык иштери жүрүп жатат. Алсак, №2 үйдүн бешинчи кабаты курулууда, №3 үйдө котлован казылууда. №6, №7, №9 жана №10 үйлөрдө пайдубал куруу иштери башталган.
Эске салсак, "Дөөлөт Курулуш" компаниясынын объектилеринде курулуш бир нече жылдан бери токтоп, миңдеген үлүш ээлери батирлерин ала албай келишкен. Маселени чечүү максатында президенттин тапшырмасы менен 2026-жылдын февраль айында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу "Курулуш дирекциясына" өткөрүлүп берилген.
Натыйжада, "Кудайберген" жана "Шопоков Эко Сити" турак жай комплекстеринде курулуш иштери 2026-жылдын 1-сентябрында кайра башталган. Учурда объекттеги иштердин сапаты жана коопсуздук талаптарынын сакталышы күн сайын көзөмөлдөнүүдө.