Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Колумбиянын президенти Абелардо де ла Эсприелла Колумбиянын Куралдуу күчтөрү жана Улуттук полициясы супермаркетте куралчандардын барымтасында калгандардын баарын ийгиликтүү куткарганын жарыялады. Бул туурасында ТАСС агенттиги билдирүүдө.
"Улуттук полиция жана Куралдуу күчтөр бардык барымтадагыларды бошотууга жетишти. Кылмышкерлердин бири жок кылынды. Аларга барымтадагыларды бошотууга мүмкүнчүлүк берилди. Алар баш тартышты, биз чечкиндүү иш-аракет кылдык", - деди ал соцмедиага жарыяланган видео билдирүүсүндө.
Эске салсак, 25-ноябрь эртең менен куралчан адамдардын тобу Колумбиянын популярдуу Картахена туристтик шаарында брондолгон инкассатордук унааны тоноого аракет кылышкан. Каракчылык ишке ашпай калгандан кийин супермаркеттеги жыйырмадан ашык адамды барымтага алышкан. Кол салгандар дээрлик эки миллион доллар талап кылышканы маалым.
Кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөр оңунан чыкпаган соң Картахенага келген Колумбиянын президенти Абелардо де ла Эсприелла аларга ультиматум койду. Өлкө башчы аларга багынып берүүгө убакыт берип, болбосо бийлик күч менен кийлигише турганын эскерткен.
Картахена - Колумбиянын негизги туристтик жайларынын бири. Болжол менен бир миллион калкы бар калаа өзүнүн жакшы сакталып калган 18-кылымдагы архитектурасы жана каракчылардын чабуулдарынан коргоо үчүн курулган калың таш дубалдары менен белгилүү.