Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар оюндарына катыша турган кыргыз курамасынын аттары 2 айдай мелдешке даярдалды. Бул тууралуу аталган курамалардын мал доктуру Айбек Манапов билдирди.
Анын айтымында, эки курамага 12ден ат тандалып алынып, алардын физикалык абалына, ылдамдыгына жана оюндагы жөндөмүнө өзгөчө көңүл бурулду.
“Эң мыкты аттар тандалып алынып, алар эки айдай тапталды. Ошондой эле аларга ар кандай витаминдер менен тоюттар берилип, физикалык жактан да, сырткы көрүнүшү жагынан да даярдыктан өткөрүлдү. Ар бир командадан 12ден ат катышат. Алардын арасында чабуулчу жана коргоочу катары ойногондору да бар.
Алар оюндагы ылдамдыгы, жеңилдиги жана атаандаш менен кагылышуудагы күчтүүлүгү боюнча башка аттардан айырмаланат”,- деди ал.
Ал Кыргызстандын негизги атаандаштарынын бири – Казакстандын курамасы экенин айтып, коңшулардын аттары да жакшы даярдыкта келгенин кошумчалады.
Ошондой эле Манапов мелдешке катышкан аттар ветеринардык көзөмөлдөн өтүп, анализдери текшерилгенин белгиледи. Анын айтымында, аттар чип жана ветеринардык паспорт аркылуу каттоодон өткөрүлгөн.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.