Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы 120 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Бүгүн министр Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган бала бакчанын курулушун текшерди. Анда министр курулуш иштерин мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу жүргүзүү керектигин белгиледи.
Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттуу болуп, уктоочу бөлмөлөр, кенен оюн аянтчалары, заманбап жабдуулар менен камсыздалган ашкана, медициналык пункт, музыкалык жана спорт залы, методикалык бөлмөлөр, керектүү санузел, жылытуу жана желдетүү системалар каралган. Жалпы аянты 1860 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө пайдубалы толук аяктап, кыш коюу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, объект президенттик фонддон каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталган.