Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын облусунун соту канааттандырды.
Соттун чечимине ылайык, КР Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жерди жеке жактарга мыйзамсыз берүү тууралуу 1997-жылдагы буйругу жараксыз деп табылды.
Тактап айтканда, “Бакыт” кичи сүт-товар фермердик чарбасына тиешелүү 10 гектар сугат айдоо аянты жана 10 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылды.