КМУда “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык иш-чара өттү

Бишкектеги иш-чаралар 28 Март 2025 14:15
043e2a32-e3a3-4d04-9a0f-c93e4a6e9e03.jpeg
7cb5318f-4114-463a-bc26-6771ce623a83.jpeg
f6a1176d-7eba-4556-bb3a-6c59b76ef72f.jpeg
5b0df077-0608-452c-9a22-4f4b840558d4.jpeg
d8494d9c-bd53-41cf-a1fa-2a0c47b9daef.jpeg
32a6f4c9-f2e4-4e66-95ae-6f0a38c2ecf7.jpeg
f23c7db0-0fbd-45fd-998b-2884e2d70e5f.jpeg
a016ccb4-8832-46e3-a16d-24b43b014dcd.jpeg
Алдыга
Артка
043e2a32-e3a3-4d04-9a0f-c93e4a6e9e03.jpeg
7cb5318f-4114-463a-bc26-6771ce623a83.jpeg
f6a1176d-7eba-4556-bb3a-6c59b76ef72f.jpeg
5b0df077-0608-452c-9a22-4f4b840558d4.jpeg
d8494d9c-bd53-41cf-a1fa-2a0c47b9daef.jpeg
32a6f4c9-f2e4-4e66-95ae-6f0a38c2ecf7.jpeg
f23c7db0-0fbd-45fd-998b-2884e2d70e5f.jpeg
a016ccb4-8832-46e3-a16d-24b43b014dcd.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында эл аралык семинар-көргөзмөсү өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" Жарлыгынын жана И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, ага КРнын президентинин администрациясынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, журналист, публицист Жамбы Жусубалиева, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын "Жетiсу" өлкөтаануучулар борбору” коомдук бирикмесинин директору Кажет Андас - “Кыргыз-казак маданий мамилелери”, эл аралык журналист Акчолпон Койчиева - “Эл аралык улуттук идеология”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Гүлзада Станалиева - “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө айрым маселелер”, Улуттук тарых музейинин сектор башчысы Назира Момунбаева - “Улуттук кийимдер – улуттук маданияттын үлгүсү” аталышында баяндамаларды жасады.

Ошондой эле, “Бабалардын баскан жолу – урпактарга улуу мурас” аталышында архивдик фото-фоно материалдардын көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева жана Казакстан Республикасынын "Жетiсу" өлкөтаануучулар борбору” коомдук бирикмесинин директору Кажет Андас эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык келишимине кол коюшту.