Бишкек,12.02.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги Кардиология институтундагы өрттүн себебин изилдеп жатат.
Ведомстводон маалымдашкандай, азыркы учурда министрликте коллегия өтүп жатат. Жеринде өрт өчүрүү иштерин алып барган бардык кызматтар абал боюнча маалымат беришүүдө.
Белгиленгендей, тилсиз жоонун себеби изилденүүдө, кийинчерек кененирээк маалымат берилет.
Эскерте кетсек, 11-февралда Кардиология институтунда ири өрт кырсыгы катталган. Өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун имаратында 104 адам болгон, анын ичинен 50сү бейтап, анын 19у балдар, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон. Эки бала каза болду.
Ички иштер министрлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуя министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жеке көзөмөлүндө.