Кирешелерди легалдаштыруу мыйзамынын жемиши: ГЭС, завод, жолдор салынууда

Президент Загрузка... 20 Апрель 2026 18:00
photo_54182514_HiqyDPV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Бишкек/. Элге, жалпы мамлекетке кирешелерди легалдаштыруу мыйзамынын пайдасы тийип, жемишин берип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземинде билдирди.

Ал өз сөзүндө, аталган мыйзамдын жетишкендиктерин санап өттү.

“Кирешелерин легалдаштыруу мыйзамынан кийин жеке жактар биринчиден гидроэлектр станцияларын, экинчиден завод-фабрикаларды кура башташты. Үчүнчүсү Ысык-Көлдө пансионаттарды, 5-7 жылдыздуу мейманкана, отелдерди сала баштады. Айрымдары төлөнүп өтүүчү жолдорду салууга киришүүдө. Мына элибиз, жалпы мамлекетибиз үчүн ушул мыйзамдын пайдасы тийди деп айтсак болот. Мыйзам өзүнүн жемишин берип жатат десек жаңылышпайбыз”,-деди президент.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 2023-жылдын 20-июнунда кол койгон. Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган.