Кийинки окуу жылынан жогорку класстар кыргыз тилинен көчүрүү экзамендерин тапшырышат - Аркарбек Мамытов

Билим Загрузка... 30 Январь 2025
45yeLX8uJvYAQ2ptS7O1KyM7Xub6RsORKW3KAlHh.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары да жазуу жана оозеки түрдө кыргыз тилинен класстан класска көчүрүү экзамендерин тапшырышат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 2023-2024-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык мектептеринин 5-6-класстарынын окуучулары гана кыргыз тилинен класстан класска көчүрүү экзамендерин тапшырып келишкен.

“Көчүрүү экзамени лексика-грамматика, окуп-түшүнүү жана жазуу, ошондой эле оозеки түрүндө өткөрүлөт. Көчүрүү экзамендерине кыргыз тили боюнча предметтик карыздары жок, жылдык баалары бар окуучулар киргизилет. Канааттандырарлык эмес баа алган же көчүрүү экзамендерин тапшырбаган, ден соолугуна жана жүйөлүү себептерге байланыштуу көчүрүү экзаменине катышпай калган окуучуларга жайкы мезгилге жалпы окуу программалары боюнча тапшырма берилет жана аларга кийинки окуу жылынын башында кайталап көчүрүү экзаменин тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет”,- деди Аркарбек Мамытов.

Министрликтин өкүлү маалымадагандай, окуучунун кыргыз тили боюнча жылдык баасы "5" (эң жакшы) болсо, көчүрүү экзаменин тапшыруудан бошотулат.

“Үстүбүздөгү окуу жылында кыргыз тили боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыктоочу этабынын жеңүүчүлөрү же байге ээлери болуп саналган окуучулар көчүрүү экзамендерин тапшыруудан бошотулат. Акыл-эс жана дене-бой өнүгүүсүндө кемчиликтери бар окуучулар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарында көчүрүү экзамендери өткөрүлбөйт,- дейт ал.

Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жɵнүндɵ” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 18.01.2023-жылдагы № 864-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 28.02.2024-жылдагы № 1909-VII токтомун ишке ашыруу максатында көчүрүү экзамендери киргизилип жатат.