Россиянын мектептеринде кыргызстандык мигранттардын балдары туш болгон көйгөйлөр талкууланды

Билим 2921 27 Январь 2025 17:08
474893961_1039939534846457_6245752189755308544_n.jpg
475111588_1039939638179780_6106512425077417947_n.jpg
474963732_1039939641513113_3390230676153057969_n.jpg
475136340_1039939508179793_2023550227749592087_n.jpg
475158884_1039939524846458_5201800312572596865_n.jpg
Алдыга
Артка
474893961_1039939534846457_6245752189755308544_n.jpg
475111588_1039939638179780_6106512425077417947_n.jpg
474963732_1039939641513113_3390230676153057969_n.jpg
475136340_1039939508179793_2023550227749592087_n.jpg
475158884_1039939524846458_5201800312572596865_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Россиянын мектептеринде кыргызстандык мигранттардын балдары туш болгон көйгөйлөр талкууланды. Бул маселе Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Россияга болгон расмий иш сапарында, РФнын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, эки тараптуу жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтыктын негизги маселелери талкууланып, "Евразия лицейи" мектептерин колдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле профилдик класстарды каржылоо жана окутуунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк бере турган заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча макулдашылды.

Муну менен катар Россияда кыргызстандык мигранттардын балдарын окутуу маселеси көтөрүлүп, каттоосу же жашап турууга уруксаты жок жарандар мектептерге кирүүдөгү тоскоолдуктар, ошондой эле орус тилин билүү боюнча милдеттүү тестирлөөгө байланыштуу кыйынчылыктар талкууланды.

Белгиленгендей, аталган маселени чечүү үчүн Башкыр педагогикалык университети менен биргеликте орус тили боюнча онлайн курстарды түзүү сунушталды.

Иш сапардын дагы бир маанилүү натыйжасы россиялык "Просвещение" басмасынын окуу китептерин Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайыкташтыруу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашуу болду.

Мындан тышкары, министр Догдуркүл Кендирбаева Москванын № 1502 "Энергия" балдар мектебине жана анын "Гамма" инженердик корпусуна барып, окуучуларды кесипке чейин даярдоо ыкмалары менен таанышып, алардын тажрыйбасын Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде колдонуу мерчемделди.

«Иш сапар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы билим берүүнүн байланыштарын чыңдоонун, ошондой эле кыргызстандык мектеп окуучуларына жеткиликтүү жана сапаттуу шарттарды түзүүнүн жаңы перспективаларын ачты»,-деп айтылат билдирүүдө.