Кесиптик лицейлерди өнүктүрүү боюнча жаңы милдеттер коюлду

Билим 114 13 Август 2026 15:00
772797450_28315360064755253_8265253028034447272_n.jpg
766952919_1384892166935540_5007275345302809868_n.jpg
773492394_1342331337664984_6407520021456154456_n.jpg
773556257_1065413819274076_5961109919315567910_n.jpg
765929103_3205381146315104_3646034249787752625_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өтүп, анда кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Жыйынга министр Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Виктория Мозгачева катышты. Анда Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп буга чейин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүн жетектеген Бактыгүл Акулова дайындалганы маалымдалды.

Министр кесиптик лицейлерди лицензиялоо, жатаканалардын ишин жөнгө салуу, окуу жайлардын аймагын жашылдандыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле окуучулардын стипендиясын жогорулатуу, кесиптик лицейлердин аброюн көтөрүү, окуучуларды кабыл алуу жана алдыдагы улуттук форумга даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.