Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Аймак 26 Август 2026 09:50
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.58.jpeg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер кызуу жүргүзүлүп, ага 30га жакын атайын техника жана жумушчулар тартылган.

Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана унаалардын жүрүү убактысын кыскартууга шарт түзөт. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын жана башка жүктөрдү ташуу жеңилдейт.