Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. 1-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келген дүйнөлүк кино жылдыздарын тосуп алышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекке Голливуд актрисасы Бай Лин, легендарлуу актер жана кикбоксинг боюнча 11 жолку дүйнө чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудски, ошондой эле голливуддук режиссёр Еркен Ялгашев келишти.
"Коноктор кыргыз элинин салт-санаасына ылайык тосулуп алынып, аларга улуттук калпактар кийгизилди. Ошондой эле дизайнер Толгонайдын BAYRA брендинин заманбап кыргыз этномодасынын үлгүлөрү тартууланды", - деди ал.
Кыргызстанга келген бардык коноктор "Кырчын" этношаарчасынын ачылышына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышат.
Жакынкы күндөрү Кыргызстанга легендарлуу актриса, Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарованын келиши да күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк кино жылдыздарын чакыруу боюнча долбоорду уюштуруучулар катары Ассоль Молдокматова жана Маданият министрлиги чыккан.