Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында борбордук Ала-Тоо аянтында фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин түз эфирден көрүп, майрамдык маанайга күбө боло алышат.
Расмий түз эфир башталганга чейин концерттик программа тартууланат. Ошондой эле фан-зонанын аймагында фуд-корттор, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алууга ылайыкталган башка аянтчалар иштейт.
Мындан тышкары, борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулат. Жалпысынан Бишкек шаарында 11 аянтча иштемекчи.