Казань шаарындагы форумда Кыргызстан инвестициялык демилгелерин сунуштады

Экономика 15 Май 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.44 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Россиянын Казань шаарында “Россия – Ислам дүйнөсү: KAZANFORUM” XVII эл аралык экономикалык форуму өтүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров форумдун ишкердик программасына катышып, ошондой эле мамлекеттик органдардын, инвестициялык түзүмдөрдүн жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Анда агенттиктин ишмердүүлүгү, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар, өлкөнүн инвестициялык потенциалы, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери тууралуу маалыматтарды сунуштады.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, эркин экономикалык аймактарды, индустриалдык парктарды, транспорттук-логистикалык инфраструктураны, санариптик экономиканы, туризмди өнүктүрүү жана Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар инвестицияларды тартуу, атайын экономикалык режимдерди өнүктүрүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жаатындагы тажрыйба алмашышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында инвестициялык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча кызыкдар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашууларга жетишилди.