Касымалиев ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди жаңы деңгээлге чыгарууга чакырды

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 17:05
WhatsApp Image 2026-08-06 at 17.00.53.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 06.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйынында сөз сүйлөп, Евразиялык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн жана жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз үчүн макулдашуулардын кагаз жүзүндө гана калбастан, иш жүзүндө аткарылышы, жол-жоболордун жөнөкөйлөштүрүлүшү, товарлардын жүрүшүн тездетүү жана рынокторду бири-бири үчүн жеткиликтүү кылуу өтө маанилүү", - деп баса белгиледи минкаб башчы.

Адылбек Касымалиев биргелешкен иштин жыйынтыктары мамлекеттердин келечекке болгон ишенимин бекемдеп, ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди жаңы деңгээлге чыгарып, экономиканын туруктуу өсүшүнө жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши жана кайрадан өкмөт башчысынын кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, күч-кубат, энергия жана Армениянын жыргалчылыгы үчүн жооптуу ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

"Бүгүн биз биримдигибиз үчүн маанилүү болгон маселелерди талкуулайбыз жана тар курамдагы сүйлөшүүлөрүбүз жемиштүү өтөт деп ишенем", - деди Касымалиев.

Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин төрагасына сөз берип, жыйынды тар курамда улантууну сунуштады.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"