Касымалиев: ЕАЭБде азык-түлүк, каржы, технологиялык интеграцияны бекемдөө зарыл

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:40
6a718a12d776f.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин кеңйтилген курамындагы жыйынында сөз сүйлөдү.

Минкаб төрагасы өз сөзүндө министрлер аралык кеңештин жыйындарын Кыргызстанда, Ысык-Көлдө өткөрүү жакшы салтка айланганын белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын жолугушуулардын алкагында Евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери талкууланып, кызматташтыктын күн тартиби улам кеңейип, көп кырдуу болуп баратат.

Жыйындын негизги темаларынын бири азык-түлүк коопсуздугу болду. Адылбек Касымалиев агроазык-түлүк секторун чыңдоо жана калкты коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн конкреттүү биргелешкен чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

"Заманбап чакырыктар бизден кырдаалды талдоону гана эмес, ыкчам чара көрүүнүн натыйжалуу биргелешкен механизмдерин иштеп чыгууну да талап кылат", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Касымалиев дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө жана инфляциялык басымдын сакталып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Кыргызстан агрардык рыноктогу кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууну, продукциянын тартыштыгы жана баалардын өсүшү боюнча болжолдоолорду жүргүзүүнү, ошондой эле рыноктогу дисбаланстардын алдын алуу үчүн өз убагында тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууну маанилүү деп эсептейт.

Адылбек Касымалиев ЕАЭБдин жалпы рыногун түзүү маселелерине да токтолду. Минкаб төрагасынын айтымында, бизнес жана жарандар үчүн жагымдуулугун дайыма жогорулатып, интеграциялык механизмдерди өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга өз убагында ылайыкташтыруу зарыл.

Ал товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн экономикалык өсүшкө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

Касымалиев климаттык жана санариптик күн тартибине байланышкан маселелерге да токтолду. Ал айрым өлкөлөрдө көмүртек жөнгө салуусу бара-бара тышкы соодага таасир этүүчү факторго айланып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу улуттук ыкмалар ЕАЭБдин жалпы рыногун бөлүп-жарган тоскоолдуктарга айланбашы керектигин айтты.

Минкаб жетекчиси ошондой эле платформалык экономиканы жана электрондук сооданы жөнгө салууну маанилүү багыттардын бири катары атады. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, санариптик соода экономикалык өсүштүн ички кыймылдаткычтарынын бири болууга тийиш. Ошол эле учурда бирдиктүү макулдашылган эрежелердин жоктугу мамлекеттердин, бизнестин жана жарандардын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушуна жана трансчек аралык тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Касымалиев товарларды электрондук соода кылуу боюнча макулдашуунун өз убагында түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул документке кол коюу ЕАЭБдин ички рыногунда бизнес жүргүзүү үчүн ачык-айкын жана алдын ала болжолдоого боло турган шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам болот.

Ошондой эле илимий-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер кабинетинин төрагасы илимий даражалар жана квалификациялар тууралуу документтерди өз ара таануунун, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнүн жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мындай шарттарда интеграцияны тереңдетүү илимий кызматташтыкты, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрбөстөн жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоосуз мүмкүн эмес", - деп баса белгиледи Касымалиев.

Минкаб башчысынын айтымында, ЕАЭБде илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негиздер буга чейин эле түзүлгөн. Атап айтканда, илимий-техникалык өнүгүү боюнча стратегиялык программа бекитилип, Евразия тармактык университети иштеп жатат жана мүчө мамлекеттердин илимий уюмдарынын ортосундагы кызматташтык өнүгүүдө.

"Жыйынтыгында биргелешкен Евразиялык илимий-технологиялык мейкиндикти түзүүгө жетишишибиз керек", - деди ал.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"