Кардиохирургия институтундагы өрт чектөөгө алынды - ӨКМ

Кырсык Загрузка... 11 Февраль 2025 22:48
IMG-20250211-WA0025_NNnB5Sc.2e16d0ba.fill-800x500.jpg

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылып, саат 22:33тө тилсиз жоо чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иши улантылууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок, имараттан жарандар эвакуацияланды.

Кошумча маалымат берилет.