Кардиохирургиядагы өрт. Жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган - министр

Кырсык Загрузка... 12 Февраль 2025 17:07
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 12.02.25. / Кабар/. Кардиохирургиядагы өрт алдын ала маалыматтар боюнча жер төлөөдөн чыгып, жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өрттүн себебин аныктоо үчүн иш алып барышууда.

“Жабдуунун аккумуляторунун кубаттуулугу аябай күчтүү болгондуктан эшик сыртка ийилип кеткен. Тилекке каршы, биз эки жараныбызды жоготуп алдык. Мындан сырткары, дагы эки баланын абалы абдан оор болгон. Бүгүн алардын абалы жакшы”,-деди министр.

Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, операциядан кийин ооруканада жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.