Кардиохирургия институтундагы өрт. Кылмыш иши козголду

Кырсык Загрузка... 12 Февраль 2025 10:14
IMG-20250211-WA0023.original.original.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Улуттук Кардиохирургия жүрөк жана органдарды трансплантациялоо институтунан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду.

Биринчи Май РИИБнен билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) беренеси менен козголуп, бардык экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, кечээ кечинде Кардиохирургия институтунун имаратында өрт чыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптар башка ооруканаларга эвакуацияланган, бирок тилекке каршы реанимацияда эки бала каза болуп, тогуз адам ууланган.