Кардиохирургия институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты

Коом 1374 12 Март 2025 09:58
IMG_3099.jpeg
IMG_3100.jpeg
IMG_3101.jpeg
IMG_3102.jpeg
IMG_3103.jpeg
IMG_3104.jpeg
IMG_3105.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3099.jpeg
IMG_3100.jpeg
IMG_3101.jpeg
IMG_3102.jpeg
IMG_3103.jpeg
IMG_3104.jpeg
IMG_3105.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аталган ооруканада чыккан өрт кырсыгынан кийин Улуттук госпиталдын жана Республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда.

Учурда күнүнө 2-3төн операция жасалып жатканын Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиев билдирди.

”Республикалык диагностикалык борбордо Жүрөктүн тубаса кемтиктеринин хирургиясы жана Жүрөктүн пайда болгон кемтиктеринин хирургиясы жана коронардык хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатышат. Ал эми Улуттук госпиталда Органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барышууда. 12-марттан баштап бейтаптарды Улуттук госпиталга жаткыруу башталат”,-деп айтылат маалыматта.