Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды

Аймак 1041 07 Апрель 2025 09:50
488958148_984534263865626_905.max-1920x1080.format-webp.webp
489067928_984534267198959_869.max-1920x1080.format-webp.webp
489335419_984534270532292_574.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
488958148_984534263865626_905.max-1920x1080.format-webp.webp
489067928_984534267198959_869.max-1920x1080.format-webp.webp
489335419_984534270532292_574.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.25./Кабар/. Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 га жер тилкеси менен биргеликте жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 276 млн сомдук 5.91 га жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды.