Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Кара-Кулжада үч кабаттуу соода борбору курулат. Бул тууралуу район акими Замирбек Сыдыков президент Садыр Жапаровго Кара-Кулжа районунун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен тааныштырганда билдирди.
Аким белгилегендей, инвестициялык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Маселен, 2021-жылы мурда “Кыргыз индустрия” ААКсынын балансында турган жер тилкеси Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн. Бул аймакта жалпы аянты 20 миң чарчы метр болгон заманбап үч кабаттуу (жер төлөсү менен) соода борборун куруу мерчемделүүдө.
“Долбоор өнүккөн инфраструктураны түзүүнү, анын ичинде болжол менен 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайды курууну камтыйт. Бул объекттин ишке кириши сооданы жандандырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана райондун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болот”, — деди Замирбек Сыдыков.