Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Шаркыратма айылында 16 млн 758 миң 316 сомго курулган жаңы спорт комплекс пайдаланууга берилди.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, спорттук объект Ж. Айтбаев атындагы толук эмес орто мектептин алдында жайгашкан.
Жаңы комплекс окуучулардын жана айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна шарт түзөт.