Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тосор айылында эл аралык спорт комплексин куруу пландалууда. Долбоорго 30-50 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Адилет Жанузаков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы министрлер кабинетинин чечими менен Тосор айылындагы 72 гектар жер тилкеси долбоорду ишке ашыруу үчүн Туризм фондунун карамагына өткөрүлүп берилген. Комплекс улуттук долбоор макамын алат.
Долбоор үчүн потенциалдуу инвестор аныкталган. Ал объекттин курулушуна каражат салууга даяр экенин билдирген ата мекендик компания.
"Тосор өзгөчө жаратылыш шарттарына ээ жана деңиз деңгээлинен 1 миң 600 метр бийиктикте жайгашкан. Деңиз менен тоо абасынын айкалышы улуттук олимпиадалык курама команданын спортчуларын даярдоого ыңгайлуу шарт түзөт", — деди Жанузаков.
Комплекстин аймагында спортчуларды олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча даярдоо үчүн шарттар түзүлөт. Биринчи этапта жайкы спорт түрлөрүнө басым жасалат. Ал эми келечекте кышкы олимпиадалык спорт түрлөрү үчүн да инфраструктураны өнүктүрүү каралган.
Фонддун жетекчиси белгилегендей, долбоор ишке ашса, Кыргызстан спортчуларды даярдоого арналган мындай базага ээ болгон дүйнөдөгү жетинчи өлкө болот. Комплексти улуттук курама командалардан тышкары башка мамлекеттердин олимпиадалык командалары да машыгуу үчүн колдонушат.
Учурда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында башкы келишимди даярдап жатышат.
"Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландап жатабыз. Бардык объектилерде 100 пайыз биздин жарандар иштейт. Мындан тышкары, мындай деңгээлдеги курулуштарды жүргүзүү боюнча консультациялык жардам көрсөтө турган эл аралык институттарды тартууга ниеттенип жатабыз", - деди ал.
Комплекстин курулушу үч жылдан беш жылга чейин созулары күтүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууда инвестор жаратылышты коргоо боюнча бардык талаптарды сактоого милдеттүү. Фонддун жетекчисинин айтымында, мамлекеттик өнөктөш бул талаптардын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзөт.